Жыл башынан бери бюджетке кумар оюндарынан дээрлик 130 миллион сом түштү
RU

Жыл башынан бери бюджетке кумар оюндарынан дээрлик 130 миллион сом түштү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Үстүбүздөгү жылдын июль айында казинолор Кыргызстандын бюджетин 21,6 миллион сомго толуктаган. Бул тууралуу Каржы министрлигинин маалыматында айтылат.

Жалпысынан жыл башынан бери (январь-июль) бюджетке казинолордон 129 миллион сом түшкөн.

Оюн автоматтарынын жана компьютердик симуляторлордун кумар оюндарына салыктан январь-июнь айларында бюджетке болгону 795 миң сом түшкөн. Ал эми букмекердик конторалардын кумар оюнунан жана лотереядан - 7 млн.

Кыргызстанда кумар оюндарынын бардык түрүнөн түшкөн киреше 136 миллион 888,6 миң сомго жетти.

2023-жылдын сентябрынын аягында "Достук" мейманканасында "Кристалл" казиносу иштеп жатканы белгилүү болгон. Кошумчалай кетсек, 2024-жылдын март айында "Golden King" ЖЧКсына кумар оюндарына лицензия берилген.

Жалпысынан 2023-жылы казинолордон бюджетке 91 миллион 547 миң сом түшкөн. Буга чейин бийлик казинолор лицензия алгандан кийин иштей баштаган биринчи жылы биргелешип 1 миллиард сомдон 2 миллиард сомго чейин киреше алып келерин айтып келишкен.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/17108