"Аккула" ат майданынын ордуна кичи район куруу пландалууда
RU

"Аккула" ат майданынын ордуна кичи район куруу пландалууда

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек шаардык кеңеши 29-августтагы кезексиз сессиясында "Аккула ипподромунун мүлк комплексин түз сатуу жолу менен менчиктештирүү жөнүндө" токтом долбоорун жактырды.

Мэрия Аккула ипподромунун мүлк комплекси 2024-жылдын 15-апрелинде жана 11-июнда эки жолу ачык аукционго коюлганын белгилейт. Бирок аукциондун катышуучулары келбегендигине байланыштуу бул аукциондор жараксыз деп табылды.

2024-жылдын 8-июлунда Бишкек шаардык мэриясына ROX Group жана TNG Global фондунан жалпы аянты 55,73 гектар жер тилкеси менен Аккула ипподромунун мүлк комплексин түз сатып алуу сунушу түшкөн.

Кезексиз жыйында Бишкек шаардык кеңеши ROX Group жана TNG Global фондунун "Аккула ипподромунун" мүлк комплексин түз сатуу аркылуу жалпы аянты 53,61 гектар жер тилкесин менчиктештирүү боюнча сунушун төмөнкү шарттарда жактыруу чечимин кабыл алды.

  • жалпы билим берүүчү мекемелерди;
  • мектепке чейинки билим берүү мекемелерин;
  • шаардык жолдорду;
  • парк аянтчасын аталган компаниялар өз каражатынан куруп, муниципалитетке өткөрүп бериши керек.

"ROX Group жана TNG Global компаниялары токтомдо көрсөтүлгөн шарттардан баш тартса, мэрия ипподромдун мүлк комплексин түз сатуу жолу менен менчиктештирүү демилгесин көтөрүп, кызыкдар тараптарга сунуш жөнөтөт", - деп айтылат токтомдо.

Борбор калаанын вице-мэри Азамат Кадыровдун айтымында, компаниялар бийиктиги 200 метрден ашкан беш имараттан турган Аккула кичи районун курууну пландоодо. Бардык долбоордун мөөнөтү он жыл, бирок компаниялар аны беш жылда ишке ашырууга убада беришүүдө.

Айтымында, компаниялар бюджетке бир жолку 67 миллион доллар төлөп берүүнү да убада кылышкан. Андан сырткары алар өз каражатына үч мектеп, үч бала бакча, бир эмкана, сейил бак, сквер, негизги жолдорду жана негизги инженердик коммуникацияларды куруп, баарын муниципалитеттин карамагына өткөрүп берүүнү убада кылышууда.

"Жалпысынан муниципалитетке которулган инвестициянын көлөмү 145 миллион доллардан 150 миллион долларга чейин болот. Мындан тышкары алар келишимде инвестициялык долбоорго 1 миллиард доллардан ашык каражат бөлүүнү пландап жатышат", - деди Кадыров.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/17115