Паралимпиада оюндары: Кыргыз спортчуларынын мелдештерге чыгуу жадыбалы
RU

Паралимпиада оюндары: Кыргыз спортчуларынын мелдештерге чыгуу жадыбалы

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Париж шаарында (Франция) өтүп жаткан XVII Жайкы Паралимпиада оюндарында кыргызстандык төрт спортчу өлкө намысын коргойт.

Маданият министрлигинен спортчулардын мелдештерге чыга турчу жадыбалын жарыялады.

  • 1-сентябрь, саат 14:00, 16:00
  • Пара жеңил атлетика (1500 м) - Гүлназ Жүзбаева.
  • Пара триатлон - Айтунук Жоомарт кызы.
  • 6-сентябрь, саат 14:10, финал 20:00
  • Пара дзюдо - Маматибраим Суранов (73 кг).
  • 8-сентябрь, саат 14.35
  • Пара пауэрлифтинг - Миргүл Болоталиева (86 кг).

Эске салсак, Паралимпиада оюндары 28-августта старт алды. Мелдештерге спорттун 22 түрү бтюнча 182 өлкөдөн 4400 спортчу катышууда. Жалпысынан 549 медаль топтомдору ойнотулуп, иш-чара 8-сентябрга чейин уланат.

    Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
    url: https://uyat.kaktus.media/17117