Маанилүү! Мамлекеттик идентификациялоо системасы (МИС) жөнүндө жаңы маалымат
RU

Маанилүү! Мамлекеттик идентификациялоо системасы (МИС) жөнүндө жаңы маалымат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

2024-жылдын 23-августундагы №498 "Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы №287 "Байланыш аппараттарын идентификациялоонун жана мобилдик байланыш телефондорун, ошондой эле маалыматтарды берүү үчүн колдонулуучу аппараттарды идентификациялоонун мамлекеттик системасын уюштуруу маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу билдирүү: мындан ары МИСде катталбаган бардык телефондор Кыргыз Республикасынын уюлдук операторлору тарабынан тейленбейт.

Буга чейин катталбаган уюлдук аппараттарга жергиликтүү оператордун SIM-картасын активдештиргенден кийин 30 күндүк тармакка кирүү мүмкүнчүлүгү берилген. Эми жаңы өзгөртүүлөрдүн алкагында МИСде каттоонун абалы тууралуу СМС билдирүү түшкөндөн кийин телефон дароо КР уюлдук байланыш түйүндөрүнөн өчүрүлөт.

Маанилүү! МИСде каттоодон өтпөгөн аппараттарды Кыргыз Республикасынын аймагынан сатып албаңыз!

2024-жылдын 25-июнуна чейин жергиликтүү байланыш операторлорунун (Mega, Beeline, O!) SIM карталары менен колдонулган бардык уюлдук телефондор системада катталган.

Сатып алуучулар эмне кылышы керек?

Аппаратты Кыргыз Республикасында сатып алуу

  • Уюлдук аппараттарды МИСде каттоо импортерлордун жоопкерчилигинде. Телефонду сатып алардан мурун анын МИСде катталганын текшериңиз, анткени Кыргыз Республикасынын аймагында сатылган бардык телефондор каттоодон өтүшү керек.

Телефонуңуздун каттоо статусун кантип текшерүү керек:

  • www.imei.kg сайтында
  • *5656# буйругун терүү аркылуу
  • Байланыш операторунун тиркемелеринде: "Мой О!", "Мой Beeline" жана "Mega24"
  • IMEI кодун *#06# буйругу менен же телефон кутучасынан текшере аласыз.

Эгер сиз катталбаган телефон сатып алган болсоңуз:

  • Эгер сиз телефонду 2024-жылдын 28-августуна чейин сатып алган болсоңуз, тармактык чектөөлөрдү болтурбоо үчүн аппаратты сатып алган жериңиз менен тез арада байланышып, сатуучудан (https://www.imei.kg/StockReg) шилтемеси аркылуу каттоону сураныңыз.
  • Эгерде сиз азыр телефон сатып алууну пландап жатсаңыз, анда анын МИСде катталганын текшериңиз. Катталбаган телефондор жергиликтүү оператордун SIM карталары менен иштебейт жана аларды өзүңүз каттай албайсыз.
  • Эгер сиз 2024-жылдын 28-августунан кийин катталбаган телефонду сатып алган болсоңуз, аны сатуучуга кайтарууну сунуштайбыз.
  • Эгер сизге катталбаган телефон сунушталса, аны сатып алуудан баш тартууну сунуштайбыз.

КР чегинен тышкары телефон сатып алуу

  • Эгер сиз мобилдик телефондорду чет өлкөдөн сатып алсаңыз, (мисалы, Wildberries, Ozon, Amazon, Aliexpress ж.б) аларды www.imei.kg сайтындагы нускамаларды аткаруу менен каттоодон өткөрүш керек.

Телефонуңузду коргоп, коопсуз болуңуз!

Кененирээк маалыматты www.imei.kg сайтынан алсаңыз болот.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/17118