Дарыяга акты делген ишкерлердин биринин сөөгү табылды. Милиция териштирүүнү баштады
RU

Дарыяга акты делген ишкерлердин биринин сөөгү табылды. Милиция териштирүүнү баштады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Кызыл-Бел тилексинде дарыяга автоунаа түшүп, 2 жаран дарыяга агып кеткен. ӨКМдан билдиргендей, окуя 17-августта болгон.

Жерине Чаткал райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы жана куткаруучулар тартылып, издөө иштерин башташкан. 13-күнү Беш-Арал коругунун Найза тилкесинен бир жарандын жансыз денесинин баш сөөктөрү табылган. Чаткал РИИБдин кызматкелери тарабынан каза болгон адам 1998-жылы туулган Р.А. аттуу Ноокат районунун тургуну экени аныкталып, жакындарына өткөрүлүп берилди.

Учурда издөө иштери убактылуу токтотулду.

Ал эми Жалал-Абад ички иштер башкармалыгынан редакцияга бул факты боюнча тергөөгө чейинки текшерүү башталганын билдирди.

Белгилүү болгондой, 29-августта Чаткал РИИБге Чаткал дарыясынын жээгинен белгисиз адамдын баш сөөгү жана башка сөөктөрү табылганы маалымдалган. Бул маалымат каттоого алынып, тергѳѳгө чейинки териштирүү иштери башталган.

"Ошондой эле табылган баш сѳѳктү жана башка сѳѳктѳрдү аныктоо максатында тиешелүү генетикалык маалыматтарды аныктоо (ДНК) боюнча экспертизалар дайындалган.

Текшерүү ишинин журүшүндѳ табылган баш сѳѳк жана башка сѳѳктѳр дайынсыз болуп жаткан Р. уулу А.га таандык экенин маркумдун атасы тааныган. Дайынсыз болуп жаткан Р. уулу А.нын атасы эч кимге доосу жок экендигин билдирип, арыз жазуудан баш тартып, сөөктү өзү менен алып кеткен", - дешет башкармалыктан.

Милициядан кошумчалашкандай, учурда териштирүү иштери жүрүп жатат. Дайындалган генетикалык маалыматтарды аныктоо (ДНК), экспертизанын жыйынтыгы менен дагы маалымат берилет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/17120