Жаңы Ак үйдө иштеген жумушчулар айлык ала албай жатканына нааразы болушту
RU

Жаңы Ак үйдө иштеген жумушчулар айлык ала албай жатканына нааразы болушту

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жаңы Ак үй – Ынтымак-Манас Ордо комплексинде бүтүрүү иштерин жүргүзүп жаткан 150 жумушчу айлык акысын ала электигин блогер Эламан Карымшаковдун каналына билдиришти. Жумушчулар белгилешкендей, алар субподрядчы "Делюкс групп" компаниясы менен келишим түзүшкөн.

Айтымдарында, алар 3 кабаттын ички жасалгасын толугу менен жасашкан, мурдагы айларда да маянасын кеч алышкан. Бул ирет да субподрядчы компания айлык акыны 10-сентябрда берүүнү убадалап жатат деп нааразы болушкан.

Президенттин иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев Ак үйдүн курулушу боюнча мамлекеттин эч кимге карызы жок экенин "Кабар" агенттигине билдирди.

"Интернетте арызданган жумушчулардын кайрылуусун мен дагы көрдүм. Биринчиден, жаңы Ак үйдүн курулушу боюнча мамлекет бардык төлөмдөрдү жүргүзүп бүткөн. Башкача айтканда, биздин эч кимге карызыбыз жок. Экинчиден, "Делюкс групп" деген субподрядчы компания тууралуу маселе көтөрүшүптүр. Мен бул компания тууралуу биринчи жолу угуп жатам. Андай компания менен иштешкен эмеспиз. Биз иштешкен компаниялар кандай субподрячы компаниялар менен иштегенин билбейбиз жана аларга тиешебиз жок", - деди Каныбек Туманбаев.

Өз кезегинде "Делюкс групп" компаниясынын прорабы жумушчулардын сөзүн тастыктап, компания 10-сентябрга чейин аткарган иштеринин акысын төлөй турганын билдирди.

Эске сала кетсек, 30-августта президенттик администрациянын "Ынтымак-Манас Ордо" имаратынын ачылышы болот. Президенттик администрациянын жаңы имараты "Ысык-Көл" мейманканасынын ордуна 2023-жылы жаз айларында курула баштаган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/17121