УКМК: Бишкекте 40тан ашык чет элдик жаран мыйзамсыз жүргөн
RU

УКМК: Бишкекте 40тан ашык чет элдик жаран мыйзамсыз жүргөн

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек шаарынын аймагында мыйзамсыз жүргөн 40тан ашуун адам аныкталды. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттен кабарлашкандай, чет элдиктердин визасынын мөөнөтү өтүп кеткен.

Мамкомитеттин билдирүүсүнө ылайык, 42 чет өлкөлүк жарандын ичинен Бангладештин 35 жана Пакистандын 7 жараны бар.

Тартип бузгандар ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматынын аймактык бөлүмдөрүнө тиешелүү административдик жоопкерчиликке тартуу жана кийин Кыргызстандын чегинен тышкары депортациялоо үчүн өткөрүлдү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/17124