Нуржигит Кадырбековдун ордуна жаңы депутат келди
RU

Нуржигит Кадырбековдун ордуна жаңы депутат келди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Борбордук шайлоо комиссиясы 30-августта "Ыйман Нуру" фракциясынын лидери, депутат Нуржигит Кадырбековдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту.

Бош калган депутаттык мандат "Ыйман нуру" партиясынан тизме боюнча кийинки талапкер Эрнис Айдаралиевге өттү. Ага күбөлүк жана төш белги тапшырылды.

Ачык булактардагы маалыматка ылайык, парламенттин жаңы депутаты Ош облусунун Алай районунда 1985-жылы туулган. Юрист жана экономист адистиги боюнча билими бар. Мамлекеттик салык кызматында жана президенттик аппараттын мамлекеттик курулуш бөлүмүндө иштеген.

Белгилесек, Нуржигит Кадырбеков мандатын өз каалоосу менен тапшыруу үчүн 30-августта арыз жазган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/17131