"Анархияны демократия дедик". Президент сөз эркиндигин ушак менен алмаштырбагыла деди
RU

"Анархияны демократия дедик". Президент сөз эркиндигин ушак менен алмаштырбагыла деди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 31-августта, Бишкектин "Ала-Тоо" аянтындагы жаңы мамлекеттик желекти көтөрүү салтанатында президент Садыр Жапаров элди майрам менен куттуктап жатып, элдин маданиятын сокур көчүрүп алуу менен менталитетибизге, баалуулуктарыбызга каршы келген жат көрүнүштөргө кабыл болдук деп айтты.

Ал анархияны демократияга алмаштырып алдык деп баса белгиледи.

"Эгемендик жылдарында биз ар кандай учурларга туш болдук. Башка элдин маданиятын сокур көчүрүп алуу менен менталитетибизге, баалуулуктарыбызга каршы келген жат көрүнүштөргө кабылдык.

Анын натыйжасында бизге ыйык делген түшүнүктөрүбүз болушунча чаташып, өлкөбүз бир топ алсырай түштү. Баш бербей, ээн ооз сүйлөөнү элдин эрки деп, анархияны демократия деп калпыс кабыл алып, сөз эркиндигин болсо ушак-айың менен алмаштырып алдык. Капчыгы калыңдар өз кызыкчылыктарын коргоо максатында партияларды уюштуруп, шайлоого аттанып келишкен. Азыр деле "Кыргызстан авторитардык мамлекетке айланып баратат" дегендер дал ушундай баш адаштырган, азгырма жол менен кетүүнү таңуулап жатышат. Биз буга эч качан жол бербейбиз", - деди ал.

Ал бийлик башындагылар мекен алдында адилеттүү жана жоопкерчиликтүү болушу керектигин айтып, антпесе заман чакырыктары менен коркунучтарына туруштук берүү өтө кыйын болуп каларын кошумчалап өттү.

"Демократия менен мамлекет башкаруунун, рынок менен мамлекеттик жөнгө салуунун ортосунда акылга сыярлык тең салмакты табууга жетишүү, башка бирөөлөрдүн эрежеси менен жашоодон баш тартуу жана улуттук кызыкчылыктарга кам көрүү – бул авторитаризм эмес. Бул – биз бүгүн чыңдап жаткан эгемен мамлекеттин пайдубалы! Эгемен мамлекет – бул биринчи кезекте өз жарандарынын туруктуулугун жана коопсуздугун камсыз кылууга жөндөмдүү күчтүү мамлекет болуп саналат. Мына ошондуктан, ар тараптуу коопсуздукту камсыз кылуу биз үчүн дагы эң биринчи кезектеги маселе! Биз буга терең маани беребиз", - дейт ал куттуктоосунда.

Бишкектин "Ала-Тоо" аянтындагы мамлекеттик туу жайгашкан жер реконструкция болуп, флагштоктун узундугу Кара-Кыргыз автоном облусунун түзүлгөнүнүн 100 жылдыгына байланыштуу 100 метрге узартылды. Мурда анын узундугу 45 метр болчу.

Кыргызстан бүгүн Эгемендиктин 33 жылыдыгын жана Кара Кыргыз Автономдуу облусунун 100 жылдыгын белгилеп жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/17134