Жаркырайт! Бишкектин көчөлөрүнө жаңы чырактар орнотулду
RU

Жаркырайт! Бишкектин көчөлөрүнө жаңы чырактар орнотулду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Бишкекжарык" муниципалдык ишканасы шаардын негизги жолдорун жарыктандырууда. Мэриядан кабарлашкандай, жаңы чырактар аймактарды гана жакшыртпастан, түнкүсүн жол коопсуздугун да жакшыртат.

Көчө жарыктарын жаңылоо боюнча масштабдуу долбоордун алкагында Лев Толстой эстакадаларына, 7-апрель жана Ибраимов көчөлөрүнө 1400 заманбап светодиоддук чырактар орнотулду.

Светодиоддук жарыктар эффективдүү, бир калыпта жарык берүү менен бирге энергияны керектөөнү бир топ кыскартууга, үнөмдөөгө мүмкүндүк берет.

Мындан тышкары "Бишкекжарык" муниципалдык ишканасы көпүрөлөрдүн айланасындагы бардык тосмолорду сырдап, объекттерге кошумча көрк берди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/17141