Бишкекте согуштун эки ардагерине батир берилди
RU

Бишкекте согуштун эки ардагерине батир берилди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери Аспек Жумашев менен Асек Урманбетовго батир берилди.

Сертификаттарды 31-августта шаар мэри Айбек Джунушалиев тапшырды.

"Ушул жылдын 9-майында Айбек Джунушалиев Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринен кабар алып жатып, өлкө жетекчилиги менен макулдашуу боюнча маселени карап чыгып, тез арада чечүүгө даяр экенин билдирген. Президент Садыр Жапаровдун чечими менен ардагерлер Аспек Жумашевге 2 бөлмөлүү батир, Асек Урманбетовго "Жал" кичи районунан 3 бөлмөлүү батир берилди",- деп айтылат маалыматта.

Белгилүү болгондой, көп жылдар бою ардагерлердин турак-жай маселеси чечилбей, ушул убакка чейин Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары батирлерге ээ боло албай келишкен.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/17144