Шашылыш кабар: Бишкекте жана Чүйдө катуу шамал күтүлүүдө
RU

Шашылыш кабар: Бишкекте жана Чүйдө катуу шамал күтүлүүдө

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 1-сентябрда Бишкек жана Чүйдө катуу шамал катталышы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.

Маалыматта, 1 саат аралыгында жана кечинде күн күркүрөп, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетет.

"Катуу шамал учурунда электр чубалгыларынан, бак-дарактардан, жарнама калкандарынан алыс, коопсуз жайларда болуңуздар.

Кандайдыр бир кырдаалдын күбөсү болсоңуз токтоосуз 112 кызматына чалыңыз. Чалуу акысыз жана күнү-түнү кабыл алынат", - деп айтылат маалыматта.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/17145