Айланма жолдогу бир нече унаанын катышуусундагы кырсык. Каза болгондордун саны өстү
RU

Айланма жолдогу бир нече унаанын катышуусундагы кырсык. Каза болгондордун саны өстү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Айланма жолдогу жол кырсыгынан каза болгондордун саны 10го жетти. Мындай маалыматты Саламаттыкты сактоо министрлигинин Чүй облусу боюнча координатору Алмаз Назарбеков билдирди.

Буга чейин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан кырсыктан 7 адам каза болгонун, дагы өтө оор абалдагылар бар экенин маалымдаган.

Белгилесек, 1-сентябрда саат 15:20 чамасында Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 51-чакырымында Subaru Outback, Mercedes-Benz, Toyota Camry, Toyota Voxy жана Mercedes-Benz Sprinter унаалары кагышкан.

Subaru Outback унаасынын алдыңкы сол дөңгөлөгү жарылып, айдоочу рулду башкара албай калган. Ал каршы тарапка чыгып, алгач Mercedes-Benz Sprinter менен андан соң башка унаалар менен кагышкан.

"Subaru Outback унаасы ылдамдыкты ашыргандыктан дөңгөлөгү жарылып, жол кырсыгы катталды", - дешет башкармалыктан.

Кырсыктын кесепетинен жети адам, анын ичинде 2 бала каза болгон. Дагы 6 адам ар кандай жаракаттарды алышкан, учурда оор абалда жаткандар да бар экенин кошумчалашты мекемеден.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/17147