Бишкекте 100 миң киши батчу аянт салынат
RU

Бишкекте 100 миң киши батчу аянт салынат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте 100 миң киши бата тургандай аянт салынат. Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар министри Алтынбек Максутов журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

Анын айтымында, 31-августтагы концертте борбордук аянтка элдин батпай, түртүшкөнү бийликтегилерди ойлонткон.

Буга ылайык, 100 миң киши бата турган аянт салынарын белгиледи.

"Кыргызстандын талабы, элдин активдүүлүгү аябай өсүптүр, эл көбөйүптүр. Ошол үчүн жакынкы жылдары, Кудай буюрса, элибиз бата тургандай аянтча пайда болот", - деген ал.

Эске салсак, 31-августта Кыргызстанда Эгемендүүлүктүн 33 жылдыгы жана Кара Кыргыз Автономдуу облусунун 100 жылдыгы масштабдуу белгиленди. Анда майрамдык иш-чара уюштурулуп, "Ала-Тоо" аянтына 80 миңдей киши чогулду. Майрамдык концертти көрүүгө келген эл батпай, алардын арасында тыгын болуп, 502 бала жоголгонун ИИМдин маалымат кызматы кабарлаган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/17155