Россиядан 3 жана 6 айлык ымыркайлар мекенге алынып келди
RU

Россиядан 3 жана 6 айлык ымыркайлар мекенге алынып келди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Россиянын Санкт-Петербург шаарынан ата-энесинин камкордугусуз калган 3 жана 6 айлык эки бөбөк мекенге кайтарылды. Маалыматты Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирет.

Министрликтен белгилешкендей, акыркы үч жылда кароосуз калган 38 жашы жете элек кыргызстандык мекенине кайтарылды.

"Бардык кайтарылган балдар үчүн министрлик биологиялык үй-бүлөлөрү менен бириктирүү жана баланын абалын, анын ичинде социалдык, медициналык, психологиялык жана укуктук колдоо маселелерин комплекстүү баалоо боюнча иштерди жүргүзөт", - дешет ведомстводон.

Балдардын кайтарылышы Кыргызстандын Санкт-Петербург шаарындагы башкы консулдугу жана Саламаттыкты сактоо министрлигинин жардамы менен уюштурулган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/17157