Жаңы Ак үйгө экскурсия кылуунун тартиби өзгөрдү
RU

Жаңы Ак үйгө экскурсия кылуунун тартиби өзгөрдү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жаңы Ак үй - "Ынтымак Ордого" экскурсия кылуунун тартиби өзгөрдү. Бул туурасында президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов билдирди.

Айтымында, президенттин администрациясынын жаңы имаратын көрүүнү каалагандардын өтө көп болгондугуна жана бир учурда бардыгын киргизүү мүмкүн болбогондугуна байланыштуу өзгөртүү киргизилип жатат.

"Биринчи күндүн жүрүшүндө пайда болгон маселелерди эске алуу менен экскурсиянын тартиби өзгөрдү.

"Ынтымак Ордого" экскурсияга барууну каалагандар эртең, 3-сентябрдан тартып Абдумомунов 207 дарегинде жайгашкан мурдагы Ак үйдүн түндүк-батыш тарабындагы (Фрунзе-Орозбеков көчөлөрүнүн кесилиши) өткөрүү бюросуна барып кезекке туруусу керек.

Ал жакта операторлор жарандарды каттоого алып, "Ынтымак Ордосуна" саат канчага бара аларын айтышат. Мурдагы өкмөт үйүнүн жанында атайын автобустар болот (Абдумомунов 207) жана экскурсияга ошол автобустар менен алып барып, кайра эски аянтка алып келишет.

Ар тараптан келген адамдардын электрондук кезегин карап, операторлор автобуска канчада чыгуу керектигин айтып беришет.

Антпесе бүгүнкү тажрыйба көрсөткөндөй кишилердин көптүгүнөн экскурсия жасоону каалагандар ортосунда талаш-тартыш жаралууда", - деп жазды президенттин басма сөз катчысы.

Белгилесек, бүгүн, 2-сентябрда экскурсияга барууну каалагандар коопсуздук кызматкерлери жаңы имаратка кирүүгө уруксат бербей койду деп нааразы болушкан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/17161