УКМК: Айылдык кеңештин мурдагы депутаты Салимбай байбачанын тобунан баш тартты
RU

УКМК: Айылдык кеңештин мурдагы депутаты Салимбай байбачанын тобунан баш тартты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УКМК Сузак районунун тургуну - айылдык кеңештин мурдагы депутаты менен профилактикалык сүйлөшүү өткөрдү. Бул тууралуу мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Комитеттин маалыматына караганда, милицияга 1984-жылы туулган У.Ш.А. жеткирилген. Анткени социалдык тармактарда анын "Салим байбача" деген ат менен таанымал, КР аймагында издөө жарыяланган кримавторитет Салимбай Абдувалиев менен түшкөн сүрөтү активдүү таркатылган.

Жүргүзгөн түшүндүрүү иш-чараларынын жыйынтыгында У.Ш.А. криминалдык идеологиядан баш тартып, мамлекеттик өнүгүүнүн позитивдүү тенденцияларын жана Кыргыз Республикасынын белгиленген саясий багытын колдой турганын белгиледи.

УКМКдан белгилешкендей, У.Ш.А. Сузак айылдык кеңешинин депутаты болуп, жер тилкелери боюнча алдамчылыкка катыштыгы тууралуу далилди жок кылуу максатында 2023-жылдын декабрь айында Сузак айыл өкмөтүнүн имаратын атайылап өрттөп жибергендиги үчүн 100 миң сом айыпка жыгылган. Ошол эле учурда У.Ш.А. Сузак айыл өкмөтүнүн өрттөнгөн имаратын оңдоого бөлүнгөн 6 млн сом зыяндын ордун толтуруп берген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/17166