Жогорку Кеңештин комитети Абсаттар Сыргабаевди министр кылып дайындоого макулдук берди
RU

Жогорку Кеңештин комитети Абсаттар Сыргабаевди министр кылып дайындоого макулдук берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында транспорт жана коммуникациялар министринин кызмат ордуна дайындоого Абсаттар Сыргабаевдин талапкерлигине макулдук берүү маселеси каралды.

Жыйында талапкерди президенттин жана Министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытов тааныштырды.

Талкуунун жыйынтыгында комитет мүчөлөрү Сыргабаевдин талапкерлигин бир добуштан колдошту.

Эске салсак, Садыр Жапаров июль айында президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматын аркалап келген Абсаттар Сыргабаевди транспорт жана коммуникация министринин милдетин аткаруучу кылып дайындаган. Ал эми Транспорт жана коммуникациялар министрлигин жетектеп турган Тилек Текебаев мамлекет башчынын Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/17168