ИИМ Кыргызстандагы заводдон 100 унаа сатып алды
RU

ИИМ Кыргызстандагы заводдон 100 унаа сатып алды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ички иштер министрлигинин бөлүктөрүнө 100 жаңы кызматтык унааларды тапшырылды. Жаңы үлгүдөгү унаалар президент Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде алынганын ИИМден билдиришти.

Иш-чарага катышкан Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров ИИМДин 100 жылдыгына карата быйыл 1-ноябрда республика боюнча ички иштер органдарына тиешелүү дагы 100 объектини ачуу мерчемделип жатканын маалымдады.

"Бул 100 унааны Ички иштер министрлиги өзү сатып алгандыгын белгилей кетейин. Ички иштер министрлигинин Күзөт кызматы республика боюнча 4 миңге жакын маанилүү жана өтө маанилүү объектилерди кайтарууга алып, алар менен келишимдин негизинде иш алып барып, андан түшкөн каражаттарга ушундай жаңы унаалар алынды.

Унаалардын баары өзүбүздүн заводдон чыккан. Бир күндө 100 унаа алуу деген мындай сүймөнчүктүү учурлар милициянын тарыхында биринчи жолу болуп жатат", - деди Акылбек Жапаров.

Бул унааларга атайын GPS сигналдары орнотулган жана унаалар качан, кайсы жерде жүргөндүгү, керек болсо канча күйүүчү май сарптаганына чейин көзөмөлгө алууга ыңгайлашкан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/17179