УКМК: Токтогулдагы автобекет, кинотеатр жана башка мүлктөр мыйзамсыз менчиктештирилген
RU

УКМК: Токтогулдагы автобекет, кинотеатр жана башка мүлктөр мыйзамсыз менчиктештирилген

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УКМК тарабынан Жалал-Абад облусундагы бир катар социалдык объектилерди жана жер тилкелерин мыйзамсыз менчиктештирүү фактылары аныкталды. Комитеттин маалыматына караганда, жалпы баасы 150 млн сомдой болгон мүлк мамлекеттин балансына кайтарылды. Алар:

  • 2009-жылы мыйзам бузуу менен жеке адамга төмөндөтүлгөн баада сатылган жалпы аянты 1,3 га болгон "Токтогул" автобекети мамлекеттин балансына өткөрүлдү. Автобекеттин базар баасы 63 млн 817 миң сомго бааланууда.
  • Мындан тышкары Токтогул районунун Торкен айылында жайгашкан 2342,8 чарчы метр аянттагы соода комплекси мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул комплекстин базар баасы 4 млн 155 миң сомду түзөт.
  • Токтогул шаарынын мэриясынын балансына А.Козубеков атындагы парктын аймагында жайгашкан 1,49 га жер тилкеси менен жайкы кинотеатр өткөрүлүп берилди. Базар баасы 73 млн 610 миң 455 сомду түзөт.
  • Токтогул районунун Токтогул шаарынын "Тайбала-Кечүү" тилкесинде көп жылдык көчөттөрү бар 2 гектар жер тилкеси мамлекеттин менчигине кайтарылды. Жер тилкесинин базар баасы 7 млн сомду түзөт.

Учурда УКМК тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилген жер тилкелерин жана ишканаларды аныктоо жана мамлекеттин балансына кайтаруу боюнча иштер улантылууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/17183