"Куликовский" кондитердик үйүнүн кеңсесинде тинтүү жүрдү
RU

"Куликовский" кондитердик үйүнүн кеңсесинде тинтүү жүрдү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УКМК "Куликовский" кондитердик үйүнүн кеңсесинде тинтүү жүргүзүп, документтерин алып кетти. Ошондой эле башкы кеңседеги эсепчинин иш бөлмөсүнө мөөр басып кеткенин Kaktus.media редакциясына укук коргоо кызматкерлери билдиришти.

Айтымындарында, кечээ, 3-сентябрда УКМКнын тергөө кызматы Курманжан Датка көчөсүндө жайгашкан "Куликовский" кондитердик үйүнүн кеңсесинде тинтүү жүргүзгөн. Компаниянын документтери жана компьютерлери алынган.

Тергөө болжолдуу түрдө салыктык мыйзам бузууларга байланыштуу жүрүп жатат.

"Куликовский" ишканасынын кызматкерлери өндүрүштү улантып жатканы белгилүү болду. Компаниядан жетекчилиги өлкөдө жоктугуна шылтап, комментарий берүүдөн баш тартты. Бирок компаниянын иши штаттык режимде уланып жатканын баса белгиледи.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/17186