Бишкекте №60 мектептин окуучулары онлайн окууга өттү
RU

Бишкекте №60 мектептин окуучулары онлайн окууга өттү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектеги №60 мектептин окуучулары аралыктан окууга өткөрүлдү. Бул тууралуу мектеп окуучуларынын ата-энелери социалдык тармактарга жазып чыгышты.

Ата-энелер белгилешкендей, мектептеги оңдоо иштери жакында эле башталган. Оңдоо аяктаганча балдар онлайн окушат. Капиталдык курулуш башкармалыгы имаратта оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатканын Kaktus.media сайтына тастыкташты.

Эскерте кетсек, №28 жана №89 мектептерде да оңдоо иштери жүрүп жатат. Мындан тышкары бир нече муниципалдык бала бакчалар окуу жылынын башында ачылбай калган.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык: dnpr.com.ua.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/17189