Уран калдыгын ташып бараткан унаа кырсыгы боюнча "Росатом" комментарий берди
RU

Уран калдыгын ташып бараткан унаа кырсыгы боюнча "Росатом" комментарий берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Росатом" компаниясы Миң-Куштагы уран калдыгын ташыган унаанын кырсыкка кабылганы боюнча Kaktus.media редакциясына комментарий берди.

"2-сентябрда Туюк-Суудагы калдык сактоочу жайдан топурак ташып бара жаткан жергиликтүү субподрядчиктин самосвалы жолдон чыгып кеткен. Окуя болгон жерге Жумгал районунун жаратылышты коргоо органдарынын, ӨКМдин өкүлдөрү жана ИИМдин кызматкерлери барышкан", - деп айтылат маалыматта.

"Росатом" компаниясынан билдиргендей, окуянын кесепеттери тез арада жоюлган жана аймактагы радиациялык фон нормалдуу.

"Окуянын себептерин аныктоо үчүн Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги тарабынан атайын комиссия түзүлдү. Мындай окуялардын алдын алуу максатында бардык подрядчиктердин ишине көзөмөл күчөтүлөт", - деп кошумчалашты компания.

Белгилесек, 2-сентябрда Жумгал районунун Миң-Куш айылында уран калдыктарын ташыган дагы бир оор жүк ташуучу унаа кырсыкка кабылганы маалым болгон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/17192