Дааратканага түшүп кеткен 5 жашар бала куткарылды
RU

Дааратканага түшүп кеткен 5 жашар бала куткарылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Баткендин Айдаркен шаарында 5 жаштагы бала ажатканага түшүп кетти. Бактыга жараша бала аман-эсен куткарылганын ӨКМдан маалымдашты.

Окуя бүгүн, 4-сентябрда саат кечке маал катталган. Куткаруучуларга саат 18:14тө билдирүү түшүп, жерине 3 куткаруучу тартылган.

Ыкчам куткаруу иштеринин жүрүшүндө улук лейтенант А.Сүйүнов ажатканага түшүп, наристени аман-эсен куткарды. Балага ошол замат дарыгерлер көзөмөл жүргүзгөн, учурда абалы туруктуу.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/17193