Дем алыш күндөрү өлкөнүн айрым аймактарында кар жаап, үшүк жүрүшү мүмкүн
RU

Дем алыш күндөрү өлкөнүн айрым аймактарында кар жаап, үшүк жүрүшү мүмкүн

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

7-8-сентябрда Кыргызстандын аймагында аба ырайынын кескин өзгөрүшү күтүлөт. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен айрым аймактарга кар жаап, үшүк жүрөрүн эскертет.

7-сентябрда Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан, тоолуу райондорунда кар, айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Ал эми Ош, Баткен, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын жаашы күтүлөт.

Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге, Ысык-Көл акваториясынын батыш тарабында 19-24 метрге чейин жетиши күтүлөт.

Абанын табы:

  • Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 4…9°, күндүз 13…18°;
  • Талас өрөөнүндө түнкүсүн 1…6°, күндүз 13…18°;
  • Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөндөрүндө түнкүсүн 8…13°, күндүз 18…23°, тоо этектеринде түнкүсүн -2 сууктан +3° жылуулукка чейин, күндүз 9…14°;
  • Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -1…-6°, күндүз 8…13°;
  • Ысык-Көлдө түнкүсүн 2…7°, күндүз 12…17°;
  • Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 0…5°, күндүз 13…18°, тоолуу райондордо түнкүсүн -1…-6°, күндүз 5…10°, бийик тоолордо түнкүсүн -3…-8°, күндүз 3…8° ка чейин төмөндөйт.

8-сентябрда түнкүсүн жана эртең менен Чүй облусунун тоо этектеринде, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарынын айрым жерлеринде 0…-2° үшүк жүрүшү күтүлөт.

Мындай туруксуз аба-ырайы унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/17198