Дин иштери боюнча комиссия хижабды паранжа, никаб менен алмаштырбоого чакырды
RU

Дин иштери боюнча комиссия хижабды паранжа, никаб менен алмаштырбоого чакырды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директорунун орун басары Азамат Юсупов Кыргызстандын жарандарын хижабды никаб жана паранжа менен аралаштырбоого чакырды. Юсупов Бишкекте өткөн маалымат жыйынында ведомствонун бетти жапкан кийимдерге тыюу салуу сунушуна токтолуп, түшүндүрмө берди.

Ал белгилегендей, паранжа бетти, анын ичинде көздү толугу менен жаап турат, никаб көздөн башкасын жабат, ал эми хижаб бет жүздү жаппайт.

Юсупов Муфтияттын фатвасы бар экенин эске салды. Ага ылайык, паранжа жана никаб кийүү - кыргыздардын маданиятына жана үрп-адатына туура келбей турганын, мусулмандар үчүн парз эместигин жана сырттан киргизилгенин түшүндүрдү.

"Паранжа жана никаб кийүүгө тыюу салуу биздин өлкөгө келген туристтерге жайылтылбайт", - деди директордун орун басары.

Ал кошумчалагандай, калктын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн мыйзам долбоорунда жаранлын өздүгүн аныктоого жол бербеген никаб жана паранжа кийүүгө атайын тыюу салуу киргизилүүдө.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык: CABAR.asia.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/17200