Дин иштери боюнча комиссиянын директору кызматынан бошотулду
RU

Дин иштери боюнча комиссиянын директору кызматынан бошотулду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Тойгонбай Абдыкаров Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директорлук кызматынан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Мамлекет башчынын аппаратынын басма сөз кызматы билдиргендей, Абдыкаров Тойгонбай Жоробаевич берген арызына ылайык ээлеген кызматынан бошотулду.

Эске салсак, Абдыкаров Мамлекеттик комиссиянын жетекчиси болуп 2021-жылдын июнь айында дайындалган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/17227