Балдарына камкорчу дайындабай миграцияга кеткендерди жазалоо сунушталды
RU

Балдарына камкорчу дайындабай миграцияга кеткендерди жазалоо сунушталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлиги балдарына камкорчу же көзөмөл кыла турган адамды дайындабастан миграцияга кеткен ата-энелерди жазалоону сунуштоодо.

Ведомствонун маалыматы боюнча, 2024-жылдын биринчи кварталында үймө-үй кыдырып изилдөөнүн натыйжасында 84 миң 542 эмгек мигранттарынын балдары аныкталган. Анын ичинен формалдуу түрдө 42 миң 648 бала туугандарынын колунда болгону менен туугандары алардын өмүрүнө жоопкерчилик алышпайт.

"Эмгек мигранттарынын балдары үй-бүлөлүк чөйрөдө болгонуна карабай, ата-эненин мээрими, камкордугунун жоктугунан стресске кабылган учурлар бар. Алардын ичинен балдар эмгегинин эң начар формаларына тартылган, жалпы билим берүү уюмдарына барбаган жана башка мамлекеттик кызматтарды албагандар аныкталды", - деп билдирет Эмгек министрлиги.

Балдар кодексинин 76-беренесине ылайык, ата-энелер кайсы бир мөөнөткө баласына камкорчу же көзөмөлчү дайындоо үчүн Эмгек министрлигинин аймактык бөлүмүнө арыз бере алат. Ата-эненин арызы боюнча камкорчу же көзөмөлчү дайындоо жөнүндө сот актысында камкорчунун же көзөмөлчүнүн ыйгарым укуктарынын мөөнөтү көрсөтүлүүгө тийиш.

Бирок процессуалдык аракеттерден жана сотко кайрылууну каалабагандыктан жарандар камкорчуну тариздебестен же тиешелүү органдарга кабар билдирбестен республиканын чегинен тышкары чыгып, балдарын туугандарына, кошуналарына жана тааныштарына таштап кетишет. Натыйжада балдардын кызыкчылыктарын жана укуктарын коргоо боюнча өз убагында чараларды көрүү, ошондой эле эмгек мигранттарынын балдарына тийиштүү көзөмөлдү камсыз кылуу боюнча чараларды көрүү дайыма эле мүмкүн боло бербейт.

Мындан улам Эмгек министрлиги колдонуудагы мыйзамга төмөнкүдөй норма киргизүүнү сунуштоодо. Камкорчуну же көзөмөлчүнү дайындабастан, жана дагы тиешелүү органдарга билдирбестен балдарын 15 суткадан көп убакытка калтырып кетүү 1500 сом айып салууга алып келет.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/17229