Садыр Жапаров Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышат
RU

Садыр Жапаров Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Өлкө башчы Садыр Жапаров 8-сентябрда Казакстан Республикасына иш сапары менен барат. Ал Астана шаарындагы V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышарын президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

"Кезектеги оюндар Казакстандын борборунда 9-12-сентябрь аралыгында өтөт. Иш-чарага 80ден ашуун өлкөдөн 3000ден ашык спортчулар катышат", - деп Муратбек Азымбакиев белгиледи.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/17237