Кара-Балтада жубайлар көчөдө жаңжалдаша кеткен. Келин арыз жазуудан баш тартты
RU

Кара-Балтада жубайлар көчөдө жаңжалдаша кеткен. Келин арыз жазуудан баш тартты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Социалдык тармактарга жаңжалдаша кеткен жубайлардын видеосу жарыяланды. Видеодон аял менен эркектин жакалашканын, андан кийин аялдын шапалак жеп, жерге жыгылганын көрүүгө болот. Ошондой эле алардын жанында бөбөктүн коляскасы да турган.

Окуя Кара-Балта шаарында катталганы айтылган. Чүй ОИИББден редакцияга билдиришкендей, 6-сентябрда интернетке тараган видео боюнча тергөөгө чейинки териштирүү иштери башталган.

"Ыкчам иликтөө иштеринин жүрүшүндө Кара-Балта шаарынын 1992-жылы туулган тургуну К.А. кармалып, Жайыл РИИБине жеткирилген.

Ал эми кармалган жарандын жубайы - 1998-жылы туулган Ч.К. окуя боюнча күйөөсүнө карата арыз жазуудан баш тартып, териштирүү иштерин токтотууну суранды. Учурда бул окуя боюнча тергөөгө чейинки териштирүү иштери жүргүзүлүүдө", - дешти башкармалыктан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/17240