Муратбек Бегалиев опера жана балет театрына директор болду
RU

Муратбек Бегалиев опера жана балет театрына директор болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз Республикасынын эл артисти Муратбек Бегалиев А.Малдыбаев атындагы Ленин ордендүү Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театры мамлекеттик мекемесинин башкы директору болуп дайындалды. Маалыматты Министрлер кабинетинен билдиришти.

Тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Бнлгилесек, 2023-жылы декабрь айында А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын директору Алмазбек Истамбаев "Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча кармалган. Кийинчерээк сот аны үй камагына чыгарган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/17241