Чыңгыз Эсенгул уулу маданият министринин биринчи орун басары болду
RU

Чыңгыз Эсенгул уулу маданият министринин биринчи орун басары болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Чыңгыз Эсенгул уулу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү тескемеге Акылбек Жапаров кол койгонун Министрлер кабинетинен маалымдашты.

Чыңгыз Эсенгул уулу мурда ээлеген - министрдин орун басары кызмат ордунан бошотулуп, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары болуп дайындалды.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун дагы бир тескемесине ылайык, Тимурлан Ажымалиев мурда ээлеген кызматынан (министрдин биринчи орун басары) бошотулуп, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары болуп дайындалды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/17243