Чүйдө курал-жарак сакталган жай аныкталды
RU

Чүйдө курал-жарак сакталган жай аныкталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УКМК тарабынан деструктивдүү акцияларды жана оор кылмыштарды жасоодо колдонулушу мүмкүн болгон мыйзамсыз сакталган курал-жарактарды табуу жана алуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Анын алкагында Кара-Балта шаарына жакын жерден ок атуучу куралдар жана ок-дарылар сакталган жай аныкталды дешет мамлекеттик комитеттен.

УКМКдан кабарлашкандай, белгисиз маркадагы 2 мылтык, болжолдуу ТОЗ-8 маркасындагы мылтык, 4 даана белгисиз модификациядагы тапанча, 7,62х54 калибрдеги патрондор (анын ичинде трассердик жана броне – тешүүчү октор), 16-калибрдеги патрондор, 9 мм калибрдеги травматикалык, 18х45 калибрдеги октор, бычактар жана DVD– дисктер табылган.

УКМК органдары тарабынан уюшкан кылмыштуу топтордун, диний экстремисттик жана эл аралык террористтик уюмдардын ишмердүүлүгүнө тиешеси бар адамдарды аныктоо жана кармоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары улантылууда. Ошондой эле ок атуучу куралдарды жана ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралганын эскертет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/17255