Оштун тургуну сот тарабынан акталгандан кийин бир нече кызматкерге чара көрүлдү
RU

Оштун тургуну сот тарабынан акталгандан кийин бир нече кызматкерге чара көрүлдү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бейбаштыкка жана куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүүгө айыпталган Оштун тургуну Нурбек Пратов акталды. Маалыматты анын жактоочусу Максатбек Жорокулов билдирди.

Белгилесек, 2022-жылдын ноябрь айында Ош шаарында асманга ок аткан эки адамдын видеосу тарап, кийин алар аныкталып, тергөөгө камсыз болгон.

Адвокаттын айтымында, ошол окуяда колдонулган куралдын мыйзамдуу ээсине кийин Ош ШИИБдин тергөөчүсү тарабынан эки берене менен иш ачылган.

"Нурбек Пратов Ош шаардык соту тарабынан толук акталган. Бирок Ош шаардык прокуратурасы облустук сотко арызданган. Облустук сот иштин материалдарын карап, кылмыштын курамы жоктугунан улам актоо өкүмүн күчүндө калтырган. Анткени тергөөчү кылмыш ишин мыйзамсыз ачкан.

Нурбек Пратовго карата кылмыш ишин мыйзамсыз козгоо боюнча Ош шаардык прокуратурасынын 6-7 кызматкерине тартиптик чара көрүлгөн. Андан тышкары Ош ШИИБдин тергөөчүсү М.А. кызматтык жазага тартылган. Анын мыйзамсыз аракеттери боюнча Башкы прокуратура тарабынан иликтөө башталып, УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгына өткөрүлгөн", - дейт жактоочу.

Жорокулов кошумчалагандай, Ош шаардык сотунун актоо өкүмүн чыгарган судьясы Е.С.А. да жаза алган. Анткени Нурбек Пратов, судья анын кадыр-баркына, беделине шек келтирди деп Судьялар кеңешине кайрылган болчу дейт адвокат.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/17267