Бүгүн Бишкектин айрым көчөлөрү убактылуу жабылат
RU

Бүгүн Бишкектин айрым көчөлөрү убактылуу жабылат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 10-сентябрда Кыргызстан-Өзбекстан командаларынын беттеши учурунда Бишкектин айрым көчөлөрүнө чектөө киргизилет. Бул туурасында Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгы кабарлады.

Саат 18:00дөн баштап футбол оюну бүткөнгө чейинки убакытка:

  • Фрунзе көчөсүнүн Манас проспектисинен баштап Панфилов көчөсүнө чейинки бөлүгү;
  • Тоголок Молдо көчөсүнүн Чүй простпектисинен Фрунзе көчөсүнө чейинки бөлүгү убактылуу жабык болот.

Бишкек шаардык милициясы футбол күйөрмандарын беттешке эки саат эрте келүүнү суранат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/17269