Активист Алга Кылычов ооруканага түштү
RU

Активист Алга Кылычов ооруканага түштү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Социал-демократтар партиясынын мүчөсү Алга Кылычов оор абалда ооруканага түштү. Бул тууралуу укук коргоочу Азиза Абдирасулова Facebook баракчасына жазып, тезирээк сакайып кетишин каалады.

Абдирасулова кийинчерээк Алга Кылычов Улуттук госпиталдын неврология бөлүмүнө жаткырылганын тактады.

Буга чейин Чүй облусунун Аламүдүн райондук соту Алга Кылычовду Кой-Таш окуясы боюнча он жылга эркинен ажыраткан. Ал жазасын жалпы режимдеги түзөтүү колониясында өтөө үчүн сот залында камакка алынган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/17270