Бишкекте Howо унаасы скутер менен бараткан адамды тебелеп кетти
RU

Бишкекте Howо унаасы скутер менен бараткан адамды тебелеп кетти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте жол кырсыгы катталып, скутер менен бараткан өспүрүм каза тапты. Мпалыматты шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Такталгандай, 10-сентябрда саат 11:45 чамасында бетон аралаштыруучу Howо унаасынын 24 жаштагы айдоочусу Ы.Ж. Жайыл Баатыр көчөсү менен баратып Шералиев көчөсүнө кайрылган. Бул учурда кесилиштен өтүп бараткан скутерчен жаранды сүзүп, тебелеп кеткен.

Аталган факты Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы тарабынан каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды.

Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барып, скутердин айдоочусу 2007-жылы туулган И.Ш. экенин аныкташты. Тилекке каршы, ал жеринде каза болгон. Учурда милиция кызматкерлери тарабынан алгачкы иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/17276