Көчмөндөр оюндары: Таяк тартыш боюнча кыргыз курамасы 6 алтын утту
867
V Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарында таяк тартыш боюнча мелдеште кыргыз спортчулары жалпы 8 медаль жеңди.
Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, улуттук курама команданын мүчөлөрү 6 алтын, 1 күмүш, 1 коло жеңип алышты.
Алтын уткандар:
- Уланбек Турганбаев (65 кг)
- Бекмурза Токтошев (70 кг)
- Келдибек Атайбек уулу (105 кг)
- Элзар Абдыкадырова (55 кг)
- Адель Маданбаева (65 кг)
- Назия Майлыбашева (75 кг)
Күмүш медаль:
- Элдос Айтбаев (80 кг)
Коло медаль:
- Русланбек Чыныбек уулу (90 кг)
Улуттук курама командалык эсеп боюнча 1-орунду ээледи. Мелдешке жалпы 33 өлкөнүн спортчулары катышты.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://uyat.kaktus.media/17286