ИИМ: "Карышкыр" каймана аттуу криминалдын көрсөтмөлөрүн аткарган жаран кармалды
RU

ИИМ: "Карышкыр" каймана аттуу криминалдын көрсөтмөлөрүн аткарган жаран кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстан менен Босния жана Герцеговина мамлекеттеринин Ички иштер министрликтеринин биргелешкен иштеринин натыйжасында эл аралык издөөдө жүргөн жаран кармалды. Министрликтин маалыматы боюнча, кармалган адам уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү болгон.

Белгилүү болгондой, 1984-жылы туулган М.М. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 241-беренеси (ок-дарыларды, жардыргыч заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү мыйзамсыз алуу, сактоо) боюнча шектелип, издөөдө жүргөн.

"Ал "Карышкыр" лакап аттуу уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү О.М`нын жетекчилиги астында "смотрящийдин" милдетин аткарып, Москвадагы жана Москва облусундагы мекендештерден системалуу түрдө ири суммадагы акча талап кылган. 2015-жылы Москва шаарында опузалап акча талап кылган деген шек менен кармалган. Бирок Россия Федерациясынын жарандыгын алганына байланыштуу ал Кыргыз Республикасына экстрадициялоодон качып кеткен", - дешет министрликтен.

Бүгүнкү күндө Кыргызстандын ыйгарым укуктуу органы тарабынан кармалган адамды Кыргызстанга экстрадициялоо маселеси каралууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/17292