Аида Касымалиева БУУнун Башкы ассамблеясынын сессиясынын төрагасынын орун басары болду
RU

Аида Касымалиева БУУнун Башкы ассамблеясынын сессиясынын төрагасынын орун басары болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандын БУУдагы туруктуу өкүлү Аида Касымалиева уюмдун Башкы ассамблеясынын 79-сессиясынын төрагасынын орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдирди.

Маалымдалгандай, 10-сентябрда БУУнун штаб-квартирасында уюмдун Башкы Ассамблеясынын 79-сессиясынын биринчи жыйыны өттү.

"Анда Башкы Ассамблеянын 79-сессиясынын төрагасы болуп шайланган Камерундук Филемон Янг алып барды. Ал эми Кыргыз Республикасынын БУУдагы туруктуу өкүлү Аида Касымалиева төраганын орун басары катары ишке киришти", - деп айтылат маалыматта.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/17293