Камчыбек Ташиев УКМКнын дагы бир имаратын ачты
RU

Камчыбек Ташиев УКМКнын дагы бир имаратын ачты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте УКМКнын Башкы башкармалыгынын Ленин райондук бөлүмүнүн жаңы имараты ачылды. Имараттын ачылышына Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев, УКМКнын ардагерлери жана башкармалыктын өздүк курамы катышты.

Мамкомитеттен билдиришкендей, жаңы имарат толугу менен заманбап техникалар менен жабдылып, аскер кызматкерлеринин улуттук коопсуздуктун кызыкчылыгында жемиштүү иштеши үчүн бардык шарттар түзүлгөн.

Ташиев Башкы башкармалыктын кызматкерлерин куттуктап, республиканын жетекчилиги тарабынан мындан ары да мамлекеттин көз карандысыздыгы, аймактык бүтүндүгү, улуттар аралык биримдиги жана ынтымагы үчүн күрөштүн алдыңкы катарында турган ата-мекендик атайын кызматтардын материалдык-техникалык базасын жакшыртуу боюнча чаралар көрүлөрүн белгиледи.

Ошондой эле улуттук коопсуздук органдары мындан ары да ата-мекендин кызыкчылыгы үчүн жан дили менен кызмат кылып, республиканын жетекчилигинин уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча ички саясий курсун сапаттуу ишке ашырууну камсыздай турганын белгиледи.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/17315