УКМК: Азимбек Бекназаров кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу фактысы боюнча кармалды
RU

УКМК: Азимбек Бекназаров кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу фактысы боюнча кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Азимбек Бекназаров "Кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу" фактысы боюнча кармалганын маалымдады. Буга чейин саясатчанын уулу Руслан Бекназаров атасы кармалганын, бирок кайсы иш боюнча экенин билбей турганын айткан.

Мамлекеттик комитеттен 2010-жылдын апрель айында болгон окуялардын жүрүшүндө банк ячейкаларынан жана өкмөт үйүнөн алынган акча каражаттарын уурдоо жана коротуу фактысы боюнча кылмыш иши козголгонун белгилейт.

Тергөөнүн жүрүшүндө Убактылуу өкмөттүн мурдагы мүчөсү Азимбек Бекназаровдун укук коргоо органдары тарабынан көрсөтүлгөн жагдайлар боюнча камакка алынган ири суммадагы акча каражаттарын ыйгарууга катыштыгы бар экендиги аныкталган.

"Бекназаров Ысык-Көлдүн курорттук зонасынын аймагында, Бишкек шаарында, Чүй жана Жалал-Абад облустарында кымбат баалуу кыймылсыз мүлк объекттерин сатып алуу жана аларды жалган адамдарга тариздөө аркылуу кылмыш жолу менен алынган акча каражаттарын мыйзамдаштыргандыгынтоптолгон материалдар айгинелейт", - деп айтылат маалыматта.

Буга байланыштуу 12-сентябда Азимбек Бекназаров Кылмыш-жаза кодексинин 222-беренесинин 3-бөлүгүнүн 3-пунктунда (Легалдаштыруу, кылмыштуу кирешелерди ири өлчөмдө адалдоо) каралган кылмышты жасаган деген шек менен кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Улуттук коопсуздук органдары тарабынан жасалган кылмыштын бардык жагдайларын аныктоо, ага катышкан бардык адамдарды жоопкерчиликке тартуу боюнча комплекстүү иштер жүргүзүлүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/17331