Чаткалда тоо-кен ишканасынан 200 миң доллар талап кылганга шектүүлөр аныкталды
RU

Чаткалда тоо-кен ишканасынан 200 миң доллар талап кылганга шектүүлөр аныкталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жалал-Абадда тоо-кен ишканасынан 200 миң доллар талап кылган делген 3 адам кармалды. Бул туурасында УКМКнын маалыматында айтылат.

Коопсуздук комитеттин Жалал-Абад облусундагы кызматкерлери тарабынан 10 миң доллар өлчөмүндө акча каражатын опузалап алуу учурунда И.Н.А. кармалды.

"Кармалган жаран Ички иштер органынын мурдагы тергөөчүсү экени аныкталды. Ал Чаткал районунун экс-акими Т.А. жана "Азаттыктын" мурдагы журналисти Н.А.К. менен узак убакыт бою Чаткал районунун аймагындагы тоо-кен иштерине тартылган чет элдик инвесторлордон 200 миң доллар опузалап, бул аймактагы инвесторлордун иштөөсүнө тоскоолдуктарды жаратабыз деп коркутуп келишкен. Алар июль айында эки транш менен 60 миң доллар алып, калган сумманы опузалап алууну улантып келишкен", - дешет комитеттен.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (опузалоо) менен кылмыш иши козголуп, кармалгандар УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Тергөө иштери уланууда.

Ал эми "Азаттык" радиосу Н.А.К аттуу жаран журналист болуп эч качан иштебегенин айтып, атайын кызматтын маалыматын четке какты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/17333