V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жыйынтыкталды. Кыргызстан 2-орунду ээледи
RU

V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жыйынтыкталды. Кыргызстан 2-орунду ээледи

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 13-сентябрда Казакстандын борбору Астана шаарында V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары расмий түрдө жыйынтыкталды.

Жабылуу аземинде Кыргызстандын маданият министри Алтынбек Максутов Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары маанилүү окуялардын бири болуп калганын, бул улуттардын, ар кайсы конфессиялардын биримдигин бекемдеген ири иш-чарага айланганын белгиледи.

Иш-чаранын алкагында Көчмөндөрдүн кийинки оюндарын өткөрүү эстафетасы кайрадан Кыргызстанга берилди. Казакстан Республикасынын туризм жана спорт министри Ербол Мырзабосынов көкөрдөгү мөңгү суусун Алтынбек Максутовго тапшырды.

Эске салсак, бул жолку оюндар Казакстандын Астана шаарында 8-13-сентябрь күндөрү өтүп, ага 89 өлкөдөн келген 2500дөн ашык спортчу спорттун 21 түрүнөн күч сынашты.

Мелдештерге Кыргызстандын атынан 183 спортчу спорттун 18 түрүнөн катышып, жалпы командалык эсепте 65 медаль (19 алтын, 21 күмүш жана 25 коло) менен 2-орунду ээледи.

2021-жылы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстандын атынан ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастарынын тизмесине киргизилген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/17336