Чүйдө баасы 100 млн сомдон ашкан мүлк мамлекетке кайтарылды
RU

Чүйдө баасы 100 млн сомдон ашкан мүлк мамлекетке кайтарылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Чүй облусунда базар баасы 119 млн сомдон ашкан мүлк мамлекеттин балансына кайтарылды. УКМК тараткан маалыматта объект кызмат адамдары тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен.

Мыйзамсыз менчиктештирилген мамлекеттик объекттерди табуу жана кайтаруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында Кемин районунун аймагында базар баасы 119 млн 937 миң сомду түзгөн, мурда касапкана жана колбаса чыгаруучу ишкана болуп саналган курулуштары бар аймак аныкталып, мамлекеттин балансына кайтарылды.

Объектти 1995-жылы айрым кызмат адамдары жеке менчикке алып, бүгүнкү күнгө чейин өз кызыкчылыгына пайдаланып келгени аныкталган.

Учурда УКМК мамлекеттик мүлктү мыйзамсыз менчиктештирүү фактыларын аныктоо боюнча иштерди улантууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/17363