Президент эл аралык олимпиада, чемпионаттарда ийгилик жараткан окуучуларды сыйлады
RU

Президент эл аралык олимпиада, чемпионаттарда ийгилик жараткан окуучуларды сыйлады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Садыр Жапаров STEM тармагындагы предметтер боюнча эл аралык олимпиадаларда жана Грек-рим күрөшү боюнча жаштар арасында дүйнөлүк чемпионатта (U20) байгелүү орундарды ээлеген жаштар жана алардын мугалимдери менен жолугушту. Бул туурасында президенттин администрациясы кабарлады.

Мамлекет башчы 2024-жыл өлкө үчүн өзгөчө жыл болгонун, Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу мектеп окуучулары илим, технология, инженерия жана математика багытындагы эл аралык олимпиадаларда математика, физика, химия, биология жана информатика боюнча медалдарды жеңип, ийгиликтерди жаратууга жетишкенин белгиледи.

Бул жетишкендиктер – окуучуларыбыздын, мугалимдерибиздин чаалыкпаган мээнетинин, үзүрлүү эмгегинин натыйжасы, билим берүү системасынын туура жолдо бараткандыгынын далили болду.

Ошондой эле Садыр Жапаров жаш балбандардын спорттогу жетишкендиктерин - Испаниядагы Грек-рим күрөшү боюнча жаштар арасындагы дүйнө чемпионатында (U20) байгелүү орундарды багындырганын айтып өттү.

Сөзүнүн аягында президент окуучуларга жана спортчуларга, мугалимдерге жана машыктыруучуларга Кыргызстандын билим берүү жана спорт тармактарынын тарыхына өз салымын кошуп, ийгиликке жетишип, келечек муундарга үлгү болуп берген эмгеги үчүн ыраазычылык билдирип, акчалай сертификаттарды тапшырды.

Окуучулар:

  • Назар Киргизбаев - 300 000 сом;
  • Ян Бобрус - 200 000 сом;
  • Эльдар Искандеров - 200 000 сом;
  • Искен Кенжебаев - 200 000 сом;
  • Алихан Айдарбеков - 200 000 сом;
  • Байтөрө Майрамбеков – 100 000 сом;
  • Бектур Баратали - 100 000 сом;
  • Иван Решетников - 100 000 сом;
  • Дмитрий Рубан - 100 000 сом;
  • Нурсултан Увалиев - 100 000 сом;
  • Байзак Карыпжанов - 100 000 сом.

Мугалимдер:

  • Махамадхан Ишматов - 300 000 сом;
  • Азамат Аскаров - 200 000 сом;
  • Медербек Осмонов - 200 000 сом;
  • Кылычбек Урайымов - 200 000 сом;
  • Дүйшөн Сатыбалдыев - 100 000 сом;
  • Азамат Исламбеков - 100 000 сом;
  • Асхатбек Темиркулов - 100 000 сом;
  • Эльбрус Тажибаев - 100 000 сом.

Спортчулар:

  • Асан Жанышов - 600 000 сом;
  • Самаган Ормонов - 200 000 сом.

Машыктыруучулар:

  • Рыскулбек Эгеев - 150 000 сом;
  • Шадыбек Сулайманов - 100 000 сом;
  • Ташболот уулу Нуржигит - 100 000 сом.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/17369