Микрокредиттик айрым компаниялардын кеңселери жабылды
RU

Микрокредиттик айрым компаниялардын кеңселери жабылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Укук коргоо органдары "М Булак", "АБН" микрокредиттик компаниялардын Бишкектеги кеңселерине мөөр басты. Маалыматты Kaktus.media сайтына укук коргоо органдарындагы булактар тастыкташты.

Компаниялар кош бухгалтердик эсеп жүргүзгөн деп шектелүүдө. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат. Текшерүү учурунда микрокредиттик уюмдардын айрым филиалдары жабылды дешет өздүк булактар.

"М Булак" ЖЧКсынын негиздөөчүлөрү Бабыржан Төлбаев жана Алексей Кокарев. Директору катары Бактияр Төлбаев көрсөтүлгөн. 2024-жылы компания 425 миллион сом салык төлөгөн.

"АБН" компаниясын Улан Кожомуратов жетектейт. Салык отчётунда 2024-жылдагы төлөмдөрдүн сумасы 31 миллион сом деп көрсөтүлгөн.

Компаниялардын көрөстүлгөн телефон номерлери жооп бербей жатат.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/17390