Айдоочуларга кулак кагыш! Гоголь көчөсү убактылуу эки тараптуу болот
RU

Айдоочуларга кулак кагыш! Гоголь көчөсү убактылуу эки тараптуу болот

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 18-сентябрдан тарта Сүйүмбаев көчөсүндөгү жолду капиталдык оңдоо иштери аяктаганга чейин Гоголь көчөсүнүн бир бөлүгү эки тараптуу болот.

Бишкек мэриясынан билдиришкендей, Гоголь көчөсүнүн Жумабек көчөсүнөн Москва көчөсүнө чейинки тилкеси унаа каражаттары үчүн эки тараптуу болот.

Учурда "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасынын бригадасы кошумча жол белгилерин орнотуу иштерин жүргүзүүдө.

Белгилей кетсек, Сүйүмбаев көчөсүндө Жибек Жолу проспектисинен Москва көчөсүнө чейинки тилкеде капиталдык оңдоо иштери жүрүп жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/17392