Мэрдин коомдук транспорт менен жүрүү тапшырмасын аткарбаган кызматкерлерге чара көрүлдү
RU

Мэрдин коомдук транспорт менен жүрүү тапшырмасын аткарбаган кызматкерлерге чара көрүлдү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ушул жылдын май айында Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев муниципалдык кызматкерлерге аптанын шейшемби жана бейшемби күндөрү коомдук транспортто жүрүүнү тапшырган. Бул тапшырманы аткарбаган кызматкерлерге чара көрүлгөнүн калаа башкармалыгынан маалымдашты.

Бишкек шаарынын мэриясынын уюштуруу-контролдоо иштери боюнча башкармалыгы тарабынан борбор калаанын жетекчисинин тапшырмаларын аткарбаган жетекчилерди жана кызматкерлерди аныктоо боюнча тиешелүү иш-чаралар такай жүргүзүлүп келген.

2024-жылдын 7-майынан 18-сентябрына чейин 64 жетекчи жана кызматкер аныкталып, аларга тартиптик чаралар көрүлгөн.

Мэриядан белгилешкендей, муниципалдык кызматкерлердин коомдук транспорт менен жүрүүсү - экологиялык абалды жакшыртуу, коомдук транспорттун абалын, жүргүнчүлөрдү тейлөө сапатын көзөмөлдөө жана башка максатта кабыл алынган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/17403