Россия Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө кызыкдар экенин билдирди
RU

Россия Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө кызыкдар экенин билдирди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Россия Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү вариантын карап жатат. Бул тууралуу Россиянын улуттук жана олимпиадалык эмес спорт түрлөрү боюнча комитетинин вице-президенти Игорь Павлюк маалымат жыйында билдирди.

"Бизде ойлонууга убакыт бар. Оюндарды өткөрүүгө укук алганга чейин, жөнгө салуу планында турган бир катар маселелерди чечүү керек",- деди Павлюк.

Ошондой эле, Россия дагы көчмөндөр цивилизациясынын бир бөлүгү болгон жана өзүнүн каада-салты, маданияты бар өлкө жана спорт бул мелдеш гана эмес, бул достук, урмат-сый жана тилектештик жөнүндө экенин кошумчалай кетти.

Быйыл, Казакстанда өткөн V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Россиянын командасы жалпы медалдардын саны боюнча үчүнчү орунду ээлеген. Оюндар эки жылда бир өткөрүлөт, кийинкилери Кыргызстан тарабынан өткөрүлөт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/17407